Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Шойгу: Украинага курал алып келген НАТОнун бардык транспорту жок кылынат

Россиянын коргоо министринин айтымында, АКШ жана анын Түндүкатлантикалык альянс боюнча союздаштары Украинаны курал-жаракка шыкап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Украинанын аймагына курал жана Куралдуу күчтөрүнө материалдык жабдыктарды ташып кирген НАТОнун бардык транспорттору жок кылынарын Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу селектордук жыйында билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"АКШ жана анын НАТО боюнча союздаштары Украинаны курал-жаракка шыкап жатышат. Белгилей кетейин, Украинага курал-жарак жана Куралдуу күчтөрдүн керектөөсүн камсыздоочу шаймандарды ташып кирген Түндүкатлантикалык альянстын бардык транспорттору мыйзамдуу түрдө жок кылынат", — деди коргоо министри.
Анын айтымында, атайын операциянын жүрүшүндө россиялык аскер кызматкерлер кайраттуулугун жана эрктүүлүгүн көрсөтүп, жоокердик милдеттерин абийир менен аткарып, Донбасстын калкынын коопсуздугун камсыз кылууда. Ал РФтин Куралдуу күчтөрү Жогорку башкы командачы койгон бардык милдеттерди аткарууну уланта берерин кошумчалады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Рим папасы: НАТО Россияны атайын операция баштоого мажбурлаган болушу мүмкүн