Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россияга Донбасс менен Украинадан 1,1 миллиондон ашуун качкын келген

Февраль айынын орто ченинде абал кескин курчугандыктан Донбасстагы республикалардан карапайым калкты масштабдуу эвакуациялоо башталган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Май майрамдарында Россияга ДЭР, ЛЭР жана Украинадан 34 миңден ашык качкын келсе, аскердик кагылыш күчөгөндөн бери алардын саны 1,1 миллиондон ашык адамды түзгөнүн РИА Новостиге аймактын Өзгөчө кырдаалдар кызматынын өкүлү билдирген.
“1-майдан 3-майга чейин Россиянын чек арасынан 34,23 миң качкын өттү. Жаңжал башталгандан бери бардыгы болуп 1,1 миллион адам келсе, анын 197,55 миңи балдар,” — деген ал.
Февраль айынын орто ченинде абал кескин курчугандыктан Донбасстагы республикалардан карапайым калкты масштабдуу түрдө эвакуациялоо башталган. Кийинчерээк Россия ДЭР менен ЛЭРдин көз карандысыздыгын таанып, 24-февралда Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын аскердик операция баштаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин кастарын тиккен өлкөлөргө каршы санкциялар тууралуу жарлыкка кол койду