Ош шаарында 2 миңдей киши веложүрүшкө катышты. Сүрөт, видео

Калаада велосипедчилердин жарышы жыл сайын болот. Быйыл алтынчы ирет өткөрүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Ош шаарынын борбордук аянтында "Сергек жашоо" урааны менен веложүрүш өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Мелдешке эки миңдей адам катышты. Алар тогуз чакырым жолду басып өттү.
Мэриянын аппарат башчысы Камчыбек Досматов калаа тургундарын сергек жашоого үндөп, кызыктыруучу белектерди тапшырды.
1 / 3

Ош шаарынын борбордук аянтында "Сергек жашоо" урааны менен веложүрүш өткөрүлдү

2 / 3

Мелдешке эки миңдей адам катышты

3 / 3

Алар тогуз чакырым жолду басып өттү.

Веложүрүш жыл сайын болот. Быйыл алтынчы ирет өткөрүлдү.
Самбо боюнча Ашхабадда өтчү дүйнө чемпионаты Бишкекте болмой болду