Алай менен Кара-Кулжадагы сел: милиция коопсуздук чараларын көрүп жатат

Кечээ түштөн кийин Ошто катуу жаандан улам сел жүрүп, үйдүн короолорун суу каптап, көпүрө түшүп, электр мамылары жарактан чыккан
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Оштун Алай жана Кара-Кулжа райондорунун сел жүргөн аймактарында милиция кызматкерлери коопсуздук чараларын көрүп жатат. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Кечээ түштөн кийин Ошто катуу жаандан улам сел жүрүп, Гүлчө айылы менен Корул айыл өкмөтүн байланыштырган көпүрөнү алып кеткен. Сел суулары турак үйлөрдүн короолоруна кирген, ошондой эле үч бодо малды агызып, эки электр мамычасы жарактан чыккан.
Ошол эле күнү Коңур-Дөбө, Жошолу жана Гүлчө айыл аймагынын башка жерлеринде сел жүрүп, үйлөрдүн короолорун суу каптаган.
Учурда ӨКМ кызматкерлери тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Келтирилген зыяндын чыгымы такталууда.
Жергиликтүү тургундардын коопсуздугун, жол коопсуздугун камсыздоо жана унаа тыгындарын алдын алуу үчүн Алай РИИБдин кызматкерлеринен түзүлгөн топтор иш алып барууда.
Табигый кырсык Алай менен Кара-Кулжа райондук милициясынын электрондук журналына каттоого алынды.
Бишкек — Балыкчы жолунун боюндагы токойдо өрт чыкты. Сүрөт, видео