БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Өлкөдө май айынын башына мүнөздүү өзгөчө кырдаалдар жаралгандыктан мамлекеттик органдар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Министрлик түштүк аймактарында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, жер көчкүлөрдүн активдешкен учурлары катталганын белгиледи.
"Жыйынтыгында Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарынын инфраструктурасы ири материалдык чыгымга учурады. Ички каттамдын жолдорун жана эгин талааларын сел алып, 200дөн ашык турак үйдүн короосун суу каптады. Бир нече көпүрө урады", — деп жазылган маалыматта.
Селдин кесепетин жоюу үчүн ӨКМдин бөлүмдөрү, жарандык коргоо кызматтары жана жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.
"Бардык керектүү оор-инженердик техникалар өзгөчө кырдаал болгон аймактарга мобилизацияланып, калыбына келтирүү иштерин аткарып жатат. Ошондой эле керектүү товардык-материалдык каражаттар менен камсыздалууда. Бардык ыкчам иш-чаралар министрлер кабинетинин тыкыр көзөмөлүндө жүрүп жатат", — деп айтылат билдирмеде.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сел кооптуулугу жаралган мезгилде сак болууга чакырды.