Алайдагы сел: 174 үйдүн короосун суу каптап, 22 киши башка жакка көчтү

Мындан сырткары, төрт ички чарбалык көпүрө жарактан чыккан. Алты электр мамычасы жабыркап, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош облусунун Алай районунда болгон селдин кесепети тууралуу маалымат берди.
Сел кечээ түштөн кийин катуу жааган жамгырдан кийин жүргөн.
Анын кесепетинен Корул айыл аймагындагы 174 турак үйдүн короосун суу каптап, 32 үйдүн жер төлөсүнө суу кирген.
Кооптуу деп табылган эки үйдөгү 22 киши туугандарынын үйүнө убактылуу көчкөн.
Ошондой эле төрт ички чарбалык көпүрө жараксыз болду. Алты электр мамычасы иштен чыгып, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.
Учурда жеринде селдин кесепеттерин жоюу үчүн Жарандык коргонуу комиссиясы, ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу, Алай райондук бөлүмүнөн 18 куткаруучу, ошондой эле ИИМден 10 кызматкер, РЭТ мекемесинен бир бригада, жергиликтүү тургундардан 150 адам иш алып барууда.
Техникадан бир нече трал, жүктөгүч, экскаватор, самосвал, грейдер тартылган.
Бишкектеги өрт: ӨКМ күйгөн имараттардын видеосун таратты