Маморгандар президенттин администрациясы менен атайын система аркылуу иштей баштайт

Система иш кагаздарын натыйжалуу бүткөрүүгө, документтерди бир жерде сактоого, кызматкерлердин жумушунун жемиштүү болушуна жардам бере турганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. 11-майдан тарта бардык мамлекеттик органдар президенттин администрациясы менен электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу иштеше баштайт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Учурда аппараттын кызматкерлери окуудан өтүп жатат.
Система 2021-жылы ноябрда киргизилген, бирок президенттик администрациянын сунушу менен кайрадан иштелип чыгып, 2022-жылы 15-апрелде жаңы интерфейс жана фильтрлер менен толукталган.
Министрликтин маалыматына караганда, президенттик администрация мекеменин бөлүмдөрү жана 37 мамлекеттик орган менен система аркылуу түз кат алыша алат. Ошондой эле жыл башынан бери аппараттын санариптик өнүктүрүү бөлүмү тармактык мамлекеттик органдар менен кагазы жок документ жүгүртүүгө өткөн.
Министрлик система иш кагаздарын натыйжалуу бүткөрүүгө, документтерди бир жерде сактоого, кызматкерлердин жумушунун жемиштүү болушуна жардам бере турганын белгиледи.
Электрондук документ жүгүртүү системасын 62,6 миң кызматкер колдонууда, анын 25 миңи дайыма колдонгондор. Система мамлекеттик органдарга киргизилгенден бери 3,5 миллиондой документ катталган.
Жыл башынан бери салык төлөбөгөн 535 кишиге өлкөдөн чыгууга тыюу салынды