Венгриядан банкоматтар жана мал алып келинет. Министрликтин билдирүүсү

Министрлер Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, атап айтканда, укуктук ички документтерди шайкеш келтирүү жана бекитүү процессинин аяктоосун талкуулашты.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. КРдин экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сиярто жолугушууда эмне маселелерди талкуулашканын министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, Венгриянын ТИМ башчысы Кыргызстанга 3-майда расмий иш сапары менен келген.
“Тараптар электр станциялары, суу чарбасы, Венгриядан Кыргызстанга мал алып келүү, ошондой эле банкоматтарды жеткирүү жаатында биргелешкен ишканалардын жүзөгө ашырып жаткан долбоорлорун талкуулашты”, — деп жазылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, министрлер Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, атап айтканда, укуктук ички документтерди шайкеш келтирүү жана бекитүү процессинин аяктоосун талкуулашты. Ошондой эле фонддун инвестициялык долбоорлорду тандоого жана жеңилдетилген насыялар боюнча иштөөгө даярдыгын белгилешти.
Сияртонун айтымында, макулдашууларга ылайык, бул долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу фонддун уставдык капиталын 34 миллион долларга чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Министрлер эки тараптуу кызыкчылыкты көздөгөн Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фонду, билим берүү жаатындагы квотаны кеңейтүү жана инвестициялык долбоорлорго эмгек ресурстарын тартуу багыты боюнча эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө тилегин билдиришкен.
Белгилей кетсек, Петер Сийяртонун Кыргызстанга жасаган иш сапарынын алкагында жакын арада Венгриянын WizzAir авиакомпаниясы тарабынан Будапешт — Бишкек — Будапешт багыты боюнча түз авиакаттам ачуу макулдашылган.
Будапешт — Бишкек түз аба каттамы ачылат. Кол коюлган макулдашуулардын тизмеси