Кыргызстан менен Россиянын ИИМ өкүлдөрү жолукту

Жолугушуу жылуу, достук маанайда жана конструктивдүү атмосферада өткөндүгү белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Кыргызстандын ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Санкт-Петербург полиция академиясынын директору Олег Ярухин менен жолугушканын министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Эки тараптуу жолугушууга ИИМдин ички аскерлеринин № 7412 аскер бөлүгүнүн мурдагы командири, отставкадагы генерал-майор Александр Петров жана Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары, полковник Улан Бердикожоев катышты.
"Бийбосунов россиялык кесиптештерин келе жаткан Жеңиш күнү менен куттуктады. Тараптар өз ара кызматташуу маселелерин жана анын алгылыктуу багыттарын талкуулашты", — деп жазылат билдирүүдө.
Ярухин делегацияны жылуу тосуп алган кесиптештерине ыраазычылыгын айтты.
Жолугушуу жылуу, достук маанайда жана конструктивдүү атмосферада өткөндүгү белгиленди.
КРдин Коргоо министрлиги Жеңиш күнүндө кандай иш-чараларды өткөрөт. Тизме