Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Италия Россиянын жаратылыш газынан баш тартса жарым миллион адам жумушсуз калат

Күйүүчү майдын баасы өтө жогору болгондуктан бир катар заводдор жабылышы мүмкүн. Мындан улам Италияда быйыл 293 миң, ал эми келерки жылы 272 миң адам жумушсуз калышы мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Италия Россиянын жаратылыш газынан баш тартса 500 миңден ашык жумуш ордунан айрылат. Бул тууралуу Corriere della Sera басылмасынын журналисттери жүргүзгөн иликтөөсүнө таянып айтканын RT өзүнүн Telegram каналына жазды.
Маалыматка караганда, күйүүчү майдын баасы өтө жогору болгондуктан айнек, керамика жана кагаз фабрикалары жабылышы мүмкүн. Мындан улам Италияда быйыл 293 миң, ал эми келерки жылы 272 миң адам жумушсуз калат.
"Intesa Sanpaolo (Италиядагы ири банк тобу) божомолдогондой, бүгүнкү күндө эң жакыр италиялык үй-бүлөлөрдүн бештен бир бөлүгү кирешесинин 48%ын энергия жана тамак-ашка жумшайт, ал эми эң байлар 27%ын коротот. Ошентип, энергиянын кымбатташы менен 5 миллион кожолук чыгашасын жаба албай калат", — деп жазылат басылмада.
Өлкө жалпы импорттун 18 пайыздык өлчөмүндө күйүүчү майдын тартыштыгын сезет.
Франциялыктарга күйүүчү май дагы кымбаттай турганы эскертилди