Франциялыктарга күйүүчү май дагы кымбаттай турганы эскертилди

Адис учурда россиялык мунайдын ордун алмаштыруу үчүн башка булактар изделип жатканын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Европа мамлекеттеринде россиялык мунайдын импортуна тыюу салынса, Францияда күйүүчү майга болгон баа дагы өсөт. Бул тууралуу Mobilians профсоюзунун отун-энергетика жана энергетиканын жаңы булактары бөлүмүнүн президенти Франсис Пусс билдиргенин РИА Новости жазды.
Буга чейин Еврокомиссиянын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен ЕК Россияга каршы санкциялардын жаңы алтынчы пакетинде россиялык мунайды Европа биримдигине импорттоону этап-этабы менен токтотууну сунуштай турганын айткан.
"Ооба, россиялык мунай француз импорту үчүн өтө маанилүү. Анын көбүн Франция колдонбосо дагы 20 пайыздык Россия мунайынан баш тартуу оор", — деди Пусс France info радиостанциясынын эфиринде.
Ал ошондой эле учурда россиялык мунайдын ордун алмаштыруу үчүн башка булактар изделип жатканын билдирди. Пусстун айтымында, мунайдын импортуна чектөө киргизүүгө кам көрүлүп жаткандыктан баалардын өсүшү күтүлүүдө.
"Мунай башка сырьелордой эле экономикалык көзөмөлгө алынбайт. Себеби мында суроо-талап жана сунуш мыйзамы иштейт", — деди ал.
Венгрия: Россиянын газын рубль менен сатып алуу үчүн 10 өлкө эсеп ачты