БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматы кыргызстандыктарды учурда өтө активдешип жаткан алдамчы түзүмдөрдөн сак болууга чакырат.
Белгилүү болгондой, акыркы жылдары өлкөдө ар кандай аталыштагы кооперативдер (турак жай-курулуш, үнөмдөө, курулуш жана үнөмдөө) жана курулуп жаткан турак жайды сатып алуу үчүн насыяга альтернатива сунуш кылуу жанданды. Алардын шарты да абдан жөнөкөй көрүнөт.
"Сунушталган жагымдуу шарттар анча-мынча кагаздар менен эле ырасталат. Алар көбүнчө "пайызсыз", "ишенимдүү", "ислам принциптери менен" деген сөздөргө жамынат. Финансылык көзөмөл кызматы жарандарды мындай уюмдарга каражат салууда кылдат болууга чакырат. Көпчүлүк учурларда алар каржы пирамидалары болуп саналат", — деп жазылат мекеменин билдирүүсүндө.
Ишинин мыйзамдуу экендигине ынануу үчүн бул уюмдардан документ талап кылуу керек.
Уруксаты, лицензиясы, сертификаттары, ишмердиктин түрлөрүнүн тизмеси жана уюмдардын түрлөрү Мамлекеттик финансы көзөмөл органынын жана Улуттук банктын расмий веб-сайтында көрсөтүлгөн.