Электрондук алтынга инвестиция салуу пайдалуубу? Күнгөй-тескейи

Накталай эмес эсептер алтын түрүндө гана эмес, платина жана күмүш түрүндө да бар. Бул металлдар арзаныраак.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. "Апенди бизнесмен" деген Telegram-канал (Sputnik Кыргызстандын долбоору) электрондук алтынга инвестициялоонун оң жана терс жактары жөнүндө материал даярдады.
Накталай эмес мындай эсептерди бир нече банкта ачса болот.
Артыкчылыктары:
аны эч ким уурдай албайт, анткени бул алтын банктын компьютеринде гана сакталат;
Улуттук банктын куймаларына караганда алда канча арзан. Мисалы, бир грамм куйма (29-апрелге карата) 7,4 миңден сомдон жогору болсо, ал эми электрондук алтын — 6 миң сом;
башкы банктан алтын куймаларынан жок дегенде бир граммдан баштап сатып алышыңыз керек. Ал эми электрондук алтынды 0,1 граммдан баштаса болот;
накталай эмес эсептер алтын түрүндө гана эмес, платина жана күмүш түрүндө да бар. Бул металлдар арзаныраак;
инвестиция — сомдун курсу төмөндөсө, алтындын баасы көтөрүлөт;
алтынды каалаган учурда (жумуш күнү) банкка сатууга болот. Ал үчүн банкка баруунун дагы зарылдыгы жок. Накталай эмес эсепке байланган картаңызга сомдун азыркы курсуна жараша каражат конвертацияланат.
Кемчиликтери:
электрондук алтында сатуу менен сатып алуунун айырмасы Улуттук банктын алтын куймаларыныкына караганда чоңураак. Мисалы, бир граммдык куймада 500 сомдон бир аз көбүрөөк айырма болсо, электрондук алтындын айырмасы 1,4-2,5 миңге чейин жетет. Пайда табыш үчүн алтын бир топ кымбатташы керек;
депозиттерден айырмаланып (200 миң сомго чейин) электрондук алтын камсыздандырылган эмес. Эгер банк банкрот болсо, акчаны кайтарып алуу өтө кыйын.
Жапаров быйыл Кумтөрдөн 17 тоннанын тегерегинде алтын казыларын билдирди