Бүгүн, 4-майда, Дайыр Асанов атындагы паркта Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү.
Ага Россиянын элчилигинин, жергиликтүү бийликтин, “Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун” өкүлдөрү жана жаштар катышты. Чогулгандар Ленинград блокадачыларынын эстелигине гүл коюшту.
Октябрь районунун акими Азамат Дороев кыргызстандыктардын эрдигин жана баатырдыгын эске салды.
"Согуш маалында кыргызстандыктар өз милдетин аткарып жатып аскерлерге гана эмес, фашисттик Германиянын кол салуусунан жабыркаган калкка да кол сунган", — деди район башчысы.
Андан соң Россиянын элчилигинин өкүлү Вадим Гусев сөз сүйлөдү. Ал азыркы муун жаркын келечек үчүн күрөшкөн ата-бабалардын эрдигин сыймыктануу менен эскере турганын белгиледи.
"Жалпы тарыхыбыздагы бул окуя Россия менен Кыргызстандын элин ажырагыс кылып бириктирди. Согуш талаасында бекемделген достук жана жолдоштук мамиле орус-кыргыз кызматташтыгынын жана стратегиялык өнөктөштүгүнүн бекем пайдубалы болуп калды", — деген дипломат.
Ал Кыргыз ССРи Кызыл армиянын катарына 363 миң жоокер жөнөткөнүн эске салды. Эрдиги жана каармандыгы үчүн 150 миң жоокер орден жана медаль менен сыйланган. Республика ошондой эле тамак-аш, кийим-кечек жана ок-дары жеткирип турган.