Бейшембиге карата аба ырайы

5-майга караган түнү өлкөнүн кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Бейшембиде күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөнүндө +19...+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23…+28, Ысык-Көл менен Нарын аймагында +18...+23 градус болот.
Бул күнү Бишкек менен Ошто мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +22...+24, Ош шаарында +26…+28 градуска жетет.
Шашылыш билдирүү! Күн сууктап, катуу жаан жаайт