Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Азовсталдан" чыгарылган аял украин аскерлерин сындады. Видео

Мариуполдун жашоочусу Украинанын аскерлери тургундарды эртерээк эвакуациялоонун ордуна алардын кирип-чыкканын телефонго тартышканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. "Азовсталь" заводунан чыгарылган Мариуполдун жашоочусу украин аскерлери жарандарды эвакуациялоону ийгиликсиз уюштурганын айтып берди. Аялдын видеосу РИА Новостинин Telegram каналына чыкты.
"Баарыбыз кечке чейин күттүк. Саат беште Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери келди. Жарым саатта камынгыла деди. Алгач 25 киши чыгарылмай болду. Алар жаш баласы бар энелер менен кары-картаңдар эле. Мен экинчи топ менен чыкмай болдум. Автобус келди дешти, бирок көрбөдүк, себеби 150-200 метр аралыкта экен. Ортодо сүйлөшүү жүрдү, анан "Тынчтык режими аяктады, тезинен бункерге киргиле дешти", — деген ал.
Аял украин аскерлери тургундардын кирип-чыкканын телефонго тартып алганын айткан.
16-апрель күнү Россиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков Мариуполь толугу менен "Азов" полкунун улутчулдарынан, чет элдик жалданма жоокерлерден жана украин армиясынан тазаланганын билдирген болчу. Украиналык топтордун калганы "Азовсталь" металлургиялык комбинатына жашырынган. Россия президенти Владимир Путин 26-апрель күнү завод толугу менен изоляцияланганын жарыялаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ Коргоо министрлиги: "Азовсталдын” аймагынан 80 адам эвакуацияланды