Арменияда митингдер токтобой жатат. Себеби жана учурдагы абал

Армениянын баш калаасында митингге чыккандарды кармаганга чейин барып жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Ереванда бир нече күндөн бери митингдер өтүп жатат, бүгүн нааразычылыкка чыккандар мамлекеттик органдардын имаратына киргенге аракет кылды. Биз урунттуу учурларын топтодук.

Митингдин себеби

РИА Новостинин жазганына караганда, 25-апрелде армян оппозициясы өлкө боюнча нааразылык акцияларын өткөрүп, бийликтин саясаты Арменияны жана таанылбаган Тоолуу Карабак Республикасын жок кыла турганын айтып чыгышкан.
Ереванга Иджеван жана Тигранашен шаарларынан оппозициянын өкүлдөрү 1-майда келген.
Sputnik Армения 2-майдан тарта ордо калаада оппозициялык күчтөр уюштурган нааразылык акциялар кайра жанданганын билдирди. Чогулгандар Карабак боюнча саясаттан улам бийликтин отставкасын талап кылып жатат. Нааразылык акциянын күчөшүнө премьер-министр Никол Пашиняндын сүйлөшүү процесси тууралуу резонанстуу билдирүүлөрдү жасаганы себеп болгон.

Азыркы абал

Акция эртең менен кайра жанданды. Катышуучулар "Полиция — Никол эмес!" деп кыйкырып, жарандарды азыркы бийликке каршы митингге кошулууга чакырып жатат. Ири жүк ташыган жана бетон аралаштырган автоунаалар менен жолдор жабылган. Милиция өз кезегинде митингчилерди кармоого киришти.
Андан кийин полиция Еревандагы жолду ачканын билдирген. Бирок кайрадан жабылып баштаган.
Ошондой эле парламенттин имаратына күч түзүмдөрү тартылган, анткени бул убакта Никол Пашинян жыйын өткөрүп жаткан. Ал жакка оппозициялык маанайдагы жарандар бет алган.
Бийликти сындаган депутаттар жыйында Пашиняндын отставкасын талап кылып, ордунан туруп кеткен. Өз кезегинде бийлик тараптагы депутаттар өкмөт башчынын сүйлөгөн сөзүн жактаган.
Ал эми митингчилер Тоолуу Карабактын желегин Тышкы иштер министрлиги менен Юстиция министрлигинин имаратына орнотууга жетишкен.
Пресс-борбор
Депутат: жай жашоодо башка өлкөлөрдүн Россияга терс мамилеси байкалган жок