Кыргыздын алгачкы мультипликатору Сагынбек Ишеновдун музейи ачылды. Сүрөт

Ишенов — сүрөт жана кино искусствосуна чоң салым кошкон инсандардын бири.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. КРдин эл артисти, алгачкы кыргыз мультипликатору Сагынбек Ишеновдун тарыхый-этнографиялык музейи ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
1 / 4

КРдин эл артисти, алгачкы кыргыз мультипликатору Сагынбек Ишеновдун тарыхый-этнографиялык музейи ачылды

2 / 4

Музей Чүй районуна караштуу Дөң-Арык айылындагы Калча орто мектебинде ачылды

3 / 4

Ага маданият министри Азамат Жаманкулов катышып, Ишеновдун кыргыз анимациясына, сүрөт өнөрүнө жана киноискусствого кошкон салымын айтып, бүгүнкү күнгө чейинки жасаган эмгектерине кенен токтолгон

4 / 4

Сагынбек Ишенов учурда 88 жашта. Ал 1955-жылы Фрунзедеги сүрөт окуу жайын, 1961-жылы Бүткүл россиялык кинематография институтун бүтүргөн. 1977-жылы "Кыргызфильм" киностудиясында аниматорлор тобун жетектеген. Кыргыздын биринчи мультфильмдеринин режиссёру болгон.

Музей Чүй районуна караштуу Дөң-Арык айылындагы Калча орто мектебинде ачылды.
Ага маданият министри Азамат Жаманкулов катышып, Ишеновдун кыргыз анимациясына, сүрөт өнөрүнө жана киноискусствого кошкон салымын айтып, бүгүнкү күнгө чейинки жасаган эмгектерине кенен токтолгон.
Сагынбек Ишенов учурда 88 жашта. Ал 1955-жылы Фрунзедеги сүрөт окуу жайын, 1961-жылы Бүткүл россиялык кинематография институтун бүтүргөн. 1977-жылы "Кыргызфильм" киностудиясында аниматорлор тобун жетектеген. Кыргыздын биринчи мультфильмдеринин режиссёру болгон.
"Космонавттар көчөсү" (1961), "Эң тил алчаак" (1965), "Биздин балалыктын асманы" (1966), "Отко таазим" (1971), "Таштагы жылмаюу" (1975), "Сыпайчы" тасмаларында сүрөтчү жана коюучу катары эмгектенген.
Ошондой эле "Сандардын чатагы" жана "Меке чал менен Кара дөө" сындуу мультфильмдерде режиссер катары иштеген.
Быйыл 85 жашка чыкмак... Экинчи өмүрүн жашап жаткан Тууганбай Абдиев