Пентагон: АКШ Киевге жөнөтүлгөн куралдарды андан ары көзөмөлдөбөйт

Пентагондун башчысы штаттар бул маселеде Киевге гана таянууга аргасыз экенин, куралдын таратылышына алар жоопкерчилик аларын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. АКШнын Коргоо министрлиги Киевге жөнөтүлгөн курал-жарак кимдин колуна тийип жатканын көзөмөлдөбөйт. Бул тууралуу Sputnik Жакынкы Чыгыш Telegram каналы жазды.
Муну конгресстин жыйынында Пентагондун башчысы Ллойд Остин тастыктаган.
Сенаторлор "АКШ америкалык куралдар башка бирөөнүн колуна түшүп калбаш үчүн кандайдыр бир чараларды көрө алабы?" деп сураган.
Остин штаттар бул жаатта Киевге гана таянууга аргасыз экенин, курал-жаракты таратууда Украинанын бийлиги жоопкерчилик аларын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинада биологиялык курал жасоонун артында ким турганы аныкталды