Базар-Коргондогу жол кырсыгында ымыркай менен айдоочу каза болду. Сүрөт

Бишкек шаарын көздөй бара жаткан Honda Stepwagon менен Жалал-Абад шаарына багыт алган Mitsubishi Colt унаасы кагылышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Ош — Бишкек унаа жолундагы кырсыктан эки адам каза тапты. Бул маалыматты Жалал-Абад облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.
1 / 2

Ош — Бишкек унаа жолундагы кырсыктан эки адам каза тапты

2 / 2

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 2-май күнү саат 18:30дар чамасында Ош — Бишкек жолунун 554-чакырымында, Базар-Коргон районундагы Кайырма айылынын аймагында катталган.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 2-май күнү саат 18:30дар чамасында Ош — Бишкек жолунун 554-чакырымында, Базар-Коргон районундагы Кайырма айылынын аймагында катталган.
Бишкек шаарын көздөй бара жаткан Honda Stepwagon менен Жалал-Абад шаарына багыт алган Mitsubishi Colt унаасы бет маңдай кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен биринчи автоунаадагы бир жаштагы наристе жана экинчи унаанын 61 жаштагы айдоочусу окуя болгон жерде каза болгон.
Ал эми кырсыктан жабыркаган тогуз киши Базар-Коргон райондук ооруканасына жеткирилген. Алардын арасында 9, 5, 3 жаштагы балдар бар. Жабыркагандардын экөө 41 жана 53 жаштагы Өзбекстандын жарандары, ал эми калган төртөө Ноокен районунун жана Кочкор-Ата шаарынын тургундары экени белгилүү болду.
Жол кырсыгы боюнча топтолгон материалдар Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берилди.
Чүйдө BMW коюп кеткен 22 жаштагы кыз реанимацияда. Окуянын видеосу