Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленскийдин кылыгы үчүн Шольц Киевге келүүдөн баш тартты

Германия канцлери Украина бийлигинин кадамдары таң калтырып жатканын айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Украина президенти Владимир Зеленский германиялык кесиптеши Франк-Вальтер Штайнмайерди Киевде кабыл алуудан баш тартканы Германиянын канцлери Олаф Шольцту тынчсыздандырууда. Бул тууралуу ZDF телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Ал эми Bild гезити Украина өкмөтүндөгү булактарга шилтеме жасап Зеленский акыркы жылдары Штайнмайерди "Россия менен тыгыз байланышта болгону үчүн" кабыл алуудан баш тартканын жазды. Басылманын маалыматына караганда, 13-апрелде Штайнмайер Польшадан, Литвадан, Латвиядан жана Эстониядан келген кесиптештери менен бирге Киевге барууга даяр экенин, бирок аны ал жактагылар жактырбай жатканын билдирген.
"Бул нерсе канцлердин дагы Киевге сапарына тоскоол болот. Штайнмайерди кабыл алуудан баш тартуу абдан таң калычтуу окуя. Келечекте өтө маанилүү болгон коопсуздук кепилдиги үчүн зарыл болгон аскердик жана экономикалык жардам көрсөткөн өлкөгө президентиңер келе албайт деп айтылбашы керек", — деди Шольц Украинага барасызбы деген суроого жооп берип жатып.
Эске салсак, Россия 24-февралдан бери Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция жүргүзүп жатат. Ошондон бери дүйнө жүзүндөгү геосаясий абал бир топ курчуду.
Германиялыктар аскердик бюджетти көбөйтүүнүн айынан кыйынчылыкка кептелди