Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина 2014-жылы эле ыдырай баштаган. Володиндин бидирүүсү

Спикер Крымдын Украинанын курамынан чыккан мезгилин эске салган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин Украина 2014-жылкы мамлекеттик төңкөрүштөн соң Крым курамынан чыккандан кийин ыдырай баштаганын айтты. Билдирүү РИА Новостиге жарыяланган.
Спикерге Украина ыдырап кетиши мүмкүнбү деген суроо узатылган.
"Украина 2014-жылы Крым курамынан чыккандан кийин эле ыдырай баштаган", — деди Володин журналисттерге.
Парламентарий ЛЭР менен ДЭР дагы Украинанын курамынан чыгып көз карандысыздыгын жарыялаганын белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Украинанын батыш тарабында жашагандардын басымдуу бөлүгү Польша менен Венгриянын жарандыгын кабыл алышкан. Володин акыркы мезгилде эле өлкөдөн 5 миллиондон ашуун адам чыгып кеткенин айтып, мындай жагдай стабилдүүлүктөн кабар бербей турганына токтолду.
Спикердин айтымында, ушу тапта Херсон жана башка облустардын да Украинанын катарынан чыгуу ниети тууралуу билдирүүлөр байма-бай жарыяланып жатат. Володин азыркы реалдуулук ушундай экенин кошумчалады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Элчи: Африка өлкөлөрүн Батыш Россияга каршы чыккыла деп кысымга алууда