Эртең Садыр Жапаров катыша турган футболдук мелдеш башталат

Президенттик администрациянын демилгеси менен уюшулган футболдук турнирге он эки команда катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Садыр Жапаров президенттин администрациясы жана Кыргызстандын футбол союзунун демилгеси менен уюшулган футбол боюнча "Мурас" достук мелдешине катышат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, 4-5-майда өтүүчү спорттук иш-чарага 12 команда катышат. Чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча алар төрт топко бөлүнөт:
А тайпасы: Президенттин администрациясы, "Ден соолук", Жогорку Кеңеш;
В тайпасы: "Өнөр", "Билим", "Ыйман";
С тайпасы: "Бизнес", "Элчилер", "Спорттук федерациялар";
D тайпасы: "Алга", "Аймактар", "Журналисттер".
4-майда тайпалык жана чейрек финалдык оюндар, 5-майда жарым финал, үчүнчү орун үчүн беттеш жана финалдык мелдеш болот.
Оюндарды Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана "КТРК Спорт" телеканалы (4-майда саат 10.00дө, 5-майда саат 12.00дө ) түз алып көрсөтөт.
Балбан кыз-келиндер үчүн спортзал курулат. Садыр Жапаров капсула салды