Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинада биологиялык курал жасоонун артында ким турганы аныкталды

Тергөө комитетинин башчысы Бастрыкин АКШнын Коргоо министрлигинин Украинадагы биологиялык куралдары тууралуу маалымат берди.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май – Sputnik. Россиялык тергөөчүлөр Украинада биологиялык курал жасоого тиешеси бар адамдарды аныкташты. Бул тууралуу Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин RT телеканалына берген маегинде айтты.
"Алынган документтерди талдоо Украинадагы аскердик биологиялык ишмердүүлүк менен байланышкан адамдардын чөйрөсүн, анын ичинде АКШнын Коргоо министрлигинин өкүлдөрүн жана америкалык подрядчыларды так аныктоого мүмкүндүк берди", — деди ал.
Бастрыкин бул маселе боюнча Тергөө комитети кылмыш ишин иликтеп жатканын эске салды.
Тергөөчүлөр ошондой эле Вашингтон 2005-жылдан бери Украинадагы биологиялык программаларды каржылоого кеминде 224 миллион доллар бөлгөнүн аныкташканы белгилүү болду.
АКШ Украинанын Саламаттык сактоо жана Айыл чарба министрликтеринин 30га жакын илимий мекемелерин, ошондой эле Коргоо министрлигинин медициналык күчтөрүнүн командачылыгынын бир нече санитардык-эпидемиологиялык объектилерин модернизациялоо жана кайра жабдуу менен алектенген.
"Изилдөөнүн жыйынтыгы атайын операция башталганга чейин Киев көзөмөлдөгөн аймактарга чыгарылып кеткен", — деп сөзүн жыйынтыктады Бастрыкин.
Атайын операция учурунда Россиянын Коргоо министрлиги Украинада Американын аскердик биологиялык программалары боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы тууралуу далилдерди алып, коомчулукка жарыялаган. Бул кара тумоо жана күйдүргүнүн козгогучтары менен алектенген 30дан ашык биологиялык лабораториялардын түйүнү болгон. Россиянын колундагы документтерде бул программаны каржылоого АКШ президентинин уулу Хантер Байдендин катышканы да көрсөтүлгөн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Элчи: Африка өлкөлөрүн Батыш Россияга каршы чыккыла деп кысымга алууда