Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Рим папасы: НАТО Россияны атайын операция баштоого мажбурлаган болушу мүмкүн

Понтифик Украинага курал ташуу туурабы деген суроого жооп бере алган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. НАТОнун Россия чек арасына жакын аймактардагы аракеттери Москваны Украинада атайын операция баштоого аргасыз кылышы мүмкүн. Бул тууралуу Рим папасы Франциск италиялык Corriere della Sera гезитине маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Россиянын чек арасына жакын келген НАТОнун аракеттери Кремлди реакция кылууга мажбурлады. Шыкакчы болду", — деди ал.
Понтифик Украинага курал жеткирүү туурабы деген суроого жооп бере алган эмес, бирок куралдануу боюнча жарыштан баш тартуу керектигин белгиледи.
"Согуштар биз чыгарган куралды текшерүү үчүн чыгат. Экиинчи дүйнөлүк согуштун алдында Испаниядагы жарандык согушта да ушундай болгон. Сирия, Йемен, Ирак, Африкада кандуу кагылышуулар токтобой келет. Баарынын артында эл аралык кызыкчылык турат", — деди Рим папасы.
Россия Украинаны денацификациялоо жана демилитаризациялоо боюнча атайын операциясын 24-февралда баштаган. Владимир Путин белгилегендей, анын максаты — "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан мазактоого, тукум курут болууга кабылган элди коргоо".
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин кастарын тиккен өлкөлөргө каршы санкциялар тууралуу жарлыкка кол койду