Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин кастарын тиккен өлкөлөргө каршы санкциялар тууралуу жарлыкка кол койду

Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет, ал атайын экономикалык чаралар жоюлганга чейин колдонулат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин айрым чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын кас аракеттеринен улам экономикалык жооп чараларын колдонуу боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу RT билдирүүдө.
Жарлык федералдык бийлик органдарына санкцияга кабылган юридикалык жана жеке жактар менен иштешүүгө тыюу салат. Ошондой эле санкцияларга дуушар болгон адамдарга алдындагы милдеттенмелерди аткарууга чектөө коет.
Мындан тышкары, пайдасын санкция салынган адамдар көрө турчу каржылык операцияларды жүргүзүүгө жол бербейт.
Ошол эле жарлыкта өлкөдө өндүрүлгөн продукцияны жана чийки зат санкцияларга дуушар болгон адамдарга жеткириле турган болсо, Россиянын чегинен тышкары алып чыгууга тыюу салынары айтылган.
Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет, ал атайын экономикалык чаралар жоюлганга чейин колдонулат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Медведев: Зеленский эмне үчүн Батыштан "кайыр" сурай берерин түшүндүрдү