Кыргызстандыктар кайсы өлкөлөрдө мыйзамдуу түрдө жумуш таба алат. Түшүндүрмө

Республикада 21 мамлекетте жумушка орноштуруу кызматын көрсөткөн 120 жеке агенттик бар.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги кыргызстандыктар канча өлкөдөн мыйзамдуу түрдө жумуш таба аларын билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстанда 21 мамлекетте жумушка орноштуруу кызматын көрсөткөн 120 жеке агенттик бар. Алардын ишмердүүлүгүн Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору көзөмөлдөйт. Жыл башынан бери мекемелерге 59 уруксат кагазы берилип, андан бюджетке 236 миң сом түшкөн.
"Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору ички миграция менен катар Россия, Улуу Британия, Түштүк Корея, Финляндия мамлекеттеринде жумуш табууга да көмөк көрсөтө алат. Учурда Германия, Япония жана башка жакынкы чет өлкөлөр менен макулдашуу жүрүүдө. Калган өлкөлөрдөн иш таап берүү боюнча жеке агенттиктер иш алып барат", — деп билдирди министрлик.
Аталган борбордон кыргызстандыктар бара турган өлкөсү жана анын мыйзамдары менен тааныша алат. Ошондой эле эмгек келишимдерин түзүү, иш берүүчү тараптын милдеттенмелерди аткарбагандыгы, миграциялык каттоо жана башка маселелер боюнча маалымат алса болот.
Учурда 1899 ишеним телефону, ошондой эле www.migrant.kg расмий сайты иштеп жатат.
Чет элдик IT-адистерге шарттар жеңилдетилсин! Жапаров документке кол койду