Быйыл 85 жашка чыкмак... Экинчи өмүрүн жашап жаткан Тууганбай Абдиев

Бүгүн белгилүү төкмө акын, КРдин эл артисти Тууганбай Абдиевдин туулган күнү. Залкардын көзү тирүү болгондо 85 жашка толмок.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттиги чыгармачыл инсандын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Тууганбай Абдиев Токтогул районунун Ничке-Сай айылында 1937-жылы 3-майда туулган. Кичине кезинде Корголдон бата алып, комузда кол ойнотчу. Мектепти бүткөндөн кийин эле райондук маданият үйүндө иштеп, андан соң Жалал-Абад облусундагы драмтеатрда эмгектенип, 24 жашында филармонияга жумушка чакыртылып Осмонкул Бөлөбалаев, Ысмайыл Борончиевдер менен сахналаш болгон. Акын ал жакта 47 жыл иштеген.
Төкмө акын "Чоң кербез", "Бала кербез", "Тогуз кайрык", "Мырза кербез", "Кара өзгөй", "Кер толгоо", "Ак тамак, Көк тамак", "Акбакай" күүлөрүн да ийине жеткире ойногон. "Жаныш-Байыш", "Курманбек", "Акмөөр" кенже эпосторун чеберчилик менен аткарып, Дооронбек Садырбаев тарткан "Махабат дастаны" көркөм тасмасында Раймалынын образын жараткан.
1 / 11

СССРдин жазуучулар союзунун мүчөсү 34 жашында Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетине тапшырып, аны 39 жашында бүтүргөн

2 / 11

Эл аралап, айлап гастролдо жүргөн жылдар

3 / 11

Таланттуу инсан айрым учурда өз өнөрүн ат үстүндө тартуулаган

4 / 11

Филармонияда иштеген жылдар.Төкмө акындар Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев жана композитор Сардарбек Жумалиев. Москва шаары, 1982-жыл.

5 / 11

Кытайга чейин барып концерт койгон залкар

6 / 11

Төкмө акын жубайы менен алты баланы чоңойткон. Сүрөттө кыздары менен.

7 / 11

Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев шакирттери менен

8 / 11

Тууганбай Абдиев кезинде азыркынын залкарлары Жеңишбек Жумакадыр, Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаев, Амантай Кутманалиев, Элмирбек Иманалиев, Сыймык Бейшекеевди да таптаган

9 / 11

Таланттуу инсан жубайы Эсенбүбү экөө уул-кыздары жана неберелеринин курчоосунда

10 / 11

Комузун колуна алып сахнада таңшыган залкарлар

11 / 11

Абдиев 2008-жылы 1-декабрда узакка созулган оорудан улам 71 жашында көз жумган