Кыргыз мамлекеттик цирки Кыргызстандын ичинде гастролдорду уюштуруп келет. Алсак, жакынкы аралыкта "Сулуу жана Желмогуз" спектакли менен Каракол, Кара-Балта шаарларында болдук. Мен анда Желмогуздун ролун аткарам. Бул тууралуу Мухамедали Токтосун уулу Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, коңшу мамлекеттердин цирк артисттери күчтүү, айлык акысы көп.
"Мектепте эле маданий иш-чараларга катышып, бийлеп турчумун. Акробатикалык трюктарды жасап, балдар менен өз алдынча машыгып келгем. Мамлекеттик кыргыз циркинде акробаттар жетишсиз экен. Ошентип досумдун таанышы аркылуу циркке кастингге келип калгам. Бир айдын ичинде машыктыруучу айткан тактиканын негизинде даярданып, өзүмдү көрсөтө алдым. Түркия менен болгон келишимдин негизинде ошол жактагы манежде сегиз ай иштеп келдим. Мага циркте өнөр көрсөткөн жакты. Азыр мамлекеттик циркте иштеп жатам. Негизи мамлекеттик циркте өнөрпоздорду даярдаган студия бар. Биз алгач цирктин тренери Анарбек Айталиевден сабак алганбыз. Калганын өзүбүз улантып кеттик. Себеби өлкөдө цирк артисттерин окутуп даярдаган окуу жай жок", — деди Токтосун уулу.
Ал 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө "Сулуу жана Желмогуз" спектакли кыргыз тилинде коюларын кошумчалады.