Штаб: май-июнь айларында коронавирустун кезектеги толкуну башталышы мүмкүн

Оорудан сак болуу үчүн эмдөө зарылдыгы дагы бир ирет белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Эпидемиологдордун божомолу боюнча, май айынын аягы, июндун башы менен коронавирус инфекциясынын кезектеги толкуну башталышы мүмкүн. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда акыркы убакта оору бир топ басаңдап, вирус жуктургандар жок болуп калган. Ооруканаларда да илдеттен дарыланып жаткандар калган эмес.
"Кооптуу оорудан сактануунун эң эле майнаптуу жолу — эмдөө. Айтылып жаткан мезгилде оорубаш үчүн азыр вакцинациядан өтүү зарыл", — деп маалымат таратты штаб.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери бул вирусту 200 990 киши жуктуруп алып, анын ичинен 196 393у сакайып кеткен. Ал эми каза болгондордун саны 2 991ди түздү. Алгач коронавирус жугузуп алгандар өлкөдө 2020-жылдын 18-мартында катталган.
Кыргызстанга кирүүдө ПЦР-тест менен вакцинанын сертификаты талап кылынбайт