Грибок инфекциясынын булагы — бул бодо малдагы чакалай оорусу. Аталган оорунун организмге эч кандай кооптуулугу жок. Болгону тери, тырмактар бузулуп, кычышып, адамдын жашоосуна ыңгайсыздык жаратат. Грибок оорусунан жапа чеккен адам дарыланбаса башка адамдарга, үй-бүлɵ мүчɵлɵрүнɵ ооруну жуктуруучу булак болуп калат. Бул тууралуу Жанболот Бейшебаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ооруну дарылоо толук бүтпɵй тырмакта грибок споралары калып калса, анда ал кɵбөйүп, дарылоо кайра башынан кайталанат. Андыктан аягына чейин дарылануу кажет.
"Грибок оорулары адамдарда кеңири жайылган илдет. Теридегиси темир өткү, баштагысы таз, ал эми тырмактагысы онихомикоз деп аталат. Грибок салаада, башта, териде, тырмакта көбөйөт. Ооруну дарылоо бирдей болгону менен айыгуу мөөнөтү ар бириники ар башкача. Мисалы, теридеги грибокту бир айда, ал эми тырмак оорусун 4-5 айда дарылап, айыктыруу мүмкүн. Көп бейтаптар узак убакыт дарылоого чыдай албай, толук айыкпай жүрө берет. Темир өткү спорт залдарында күрөшүп машыккан балдарда кеңири таралган. Негизи грибоктун спорасы жарааты жок териге түшсө оору чакыра албайт. Жармашып, кенедей болуп териге кирип кете ала тургандай микроорганизм эмес. Качан гана териде ачык жараат болуп, кесилип же сүрүлүп, теринин үстүңкү эпидерми ачылып калганда гана оору жугат. Тырмакка грибок жукканда буттун салаасы кычышып, тырмактын ɵңү ɵзгɵрɵт. Тырмак жылмакай кɵрʏнгɵнʏ менен түп жактары саргыч тартып калыңдайт, катмарланат жана үбɵлɵнүп түшɵ баштайт. Кээде тырмак ɵңгүл-дɵңгүл формага ɵтʏп, сынышы мүмкүн. Илдетти дарылоо этап менен жүрɵт. Күн сайын атайын дары менен жууп туруу сунушталат. Заманбап ыкмада озон менен дарылоо да колдонулат. Жаңыдан башталса мазь, кремдер менен айыктырууга болот", — деди Бейшебаев.
Дарыгер үйдɵ грибок оорусу менен жабыркаган адам бар болсо, анда калган үй-бүлө мүчөлүрү да текшерилиши зарыл экенин, себеби бири дарыланып чыкса деле үйдөгү бирɵɵдɵн оору кайра жугарын эскертти.