Филармония мааракесине карата мультимедиалык кум-шоу тартуулайт

Көрүүчүлөр музыкалык образдардын жана иллюстрацияланган кум сүрөттөрдүн жаралышына күбө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармония өзүнүн 85 жылдык юбилейине карата искусствонун эки түрү — музыка жана кум анимациясы боюнча уникалдуу долбоорун тартуулайт.
"Сиздердин көз алдыңыздарда кумдан сүрөттөр, иллюстрацияланган музыкалык образдар жаралат", — дешти уюштуруучулар.
Маалыматка ылайык, музыканы филармониянын мамлекеттик камералык оркестри аткарат. Концерттик программага дүйнөлүк композиторлордун белгилүү чыгармалары, "Хатико", "Музыканын үнү", "Ла-Ла Ленд" фильмдеринин музыкасы, ошондой эле соло пианиносуна ылайык эксклюзивдүү заманбап белгилүү чыгармалар жана кыргыз композиторлорунун оркестрдик оранжировкалары камтылган.
Майдагы каникулда өлкөнүн бардык театрларында спектаклдер коюлууда. Программа