Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Бундестаг Берлиндин украин аскерлерин машыктыруу чечимине нааразы болду

Буга чейин Германия украин аскерлеринин машыгуусу жаңжалга аралашууда кызыл сызыктан өтпөйт деген пикирде болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Германия Украинага оор курал гана жеткирбестен, украин аскерлерин да машыктыруу чечими менен өзүнө да, Европага да каршы чыгып жатканын Бундестагдын депутаты Жаклин Настич Junge Welt басылмасына берген маегинде билдирген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Өкмөт бүткүл Европаны толугу менен көзөмөлдөнбөй турган коркунучка дуушар кылууда. Абайлабаса анын аягы өзөктүк согуш менен аякташы да мүмкүн", — деди ал.
Депутат немец бийлигинин бул кадамын жоопкерчиликсиздик катары баалаган.
"Канцлер Шольц бул коркунучту көрүп турса дагы өз коалициясынын басымына жол берип койду", — деди Настич.
Буга чейин Германия украин аскерлеринин машыгуусу жаңжалга аралашууда кызыл сызыктан өтпөйт деген позицияда болчу. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматы катчысы Штеффен Хебестрейт да айтып келген.
АКШнын Коргоо министрлиги билдиргендей, украин аскерлери Бундестагдын уруксаты менен Германияда жайгашкан Американын базаларында машыгуудан өтүшүүдө.
Ошол эле маалда Германиянын коргоо министри Кристина Ламбрехт (SPD) Рамштайндагы аскердик конференцияда Германия Украинанын аскерлерин артиллериялык системаларды үйрөнүүсүнө активдүү катыша турганын билдирди.
Эске салсак, Россия 24-февралдан бери Украинаны денацификациялоо жана демилитаризациялоо боюнча атайын операция жүргүзүүдө. Владимир Путин белгилегендей, анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан мазактоого, тукум курут болууга кабылган элди коргоо".
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленскийдин кылыгы үчүн Шольц Киевге келүүдөн баш тартты