ИИМ: Бишкекте өзүн милиционермин деп акча талап кылган киши кармалды. Сүрөт

Колго түшүрүлгөн адам Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май – Sputnik. ИИМдин ички иликтөө кызматы тарабынан Бишкек шаарында өзүн милиционермин деп жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.
1 / 2

ИИМдин ички иликтөө кызматы тарабынан Бишкек шаарында өзүн милиционермин деп жүргөн жаран кармалды

2 / 2

Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү ("Опузалап пара талап кылуу") менен кылмыш иши ачылып, Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан тергөө амалдары жүрүп жатат.

Маалыматка караганда, өздүк курамдын арасында алдын алуу жана тарбиялык иштер, ошол эле учурда шалаакы, ишке көңүлү жок кызматкерлерди аныктоо боюнча иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Мунун алкагында Бишкектин "Чыгыш-5" кичи районунда жогоруда сөз болуп жаткан киши колго түшүрүлгөн.
Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү ("Опузалап пара талап кылуу") менен кылмыш иши ачылып, Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан тергөө амалдары жүрүп жатат.
"И.С. аттуу адам алдамчылык жолу менен өзүн укук коргоо органдарынын кызматкери катары тааныштырып, Бишкек шаарынын тургунун камакка алынасың деп эч кандай күнөөсү жок болсо да коркутуп, опузалап 150 миң сом акча талап кылган. Ал жаран ИИМге кайрылганга чейин андан 130 миң сом алгандыгы аныкталган", — деп айтылат билдирүүдө.
Колго түшүрүлгөн адам Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Жалган маалыматты кантип аныктоо керек? ИИМдин кеңеши