Бишкек — Балыкчы жолунун боюндагы токойдо өрт чыкты. Сүрөт, видео

Окуя 2-май күнү аталган жолдун 163-чакырымында болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Балыкчы шаарынын жанында токой менен талаадагы кургак чөп өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
1 / 4

Балыкчы шаарынын жанында токой менен талаадагы кургак чөп өрттөндү

2 / 4

Окуя 2-май күнү Бишкек — Торугарт унаа жолунун 163-чакырымында болгон

3 / 4

Балыкчы шаардык өрт өчүрүү бөлүмүнө саат 14:15те жол жээгиндеги кургак чөптөр жана токой күйүп жатат деген маалымат түшкөн

4 / 4

Жерине өрт өчүрүүчү эки бригада, андан тышкары, айыл өкмөтү, токой чарбасы жана темир жолдун кызматкерлери тартылган.

Билдирүүгө караганда, окуя 2-май күнү Бишкек — Торугарт унаа жолунун 163-чакырымында болгон.
Балыкчы шаардык өрт өчүрүү бөлүмүнө саат 14:15те жол жээгиндеги кургак чөптөр жана токой күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Жерине өрт өчүрүүчү эки бригада, андан тышкары, айыл өкмөтү, токой чарбасы жана темир жолдун кызматкерлери тартылган.
Тилсиз жоо саат 15:02де чектөөгө алынып, 21:17де толугу менен өчүрүлдү.
1 / 3

Тилсиз жоо саат 15:02де чектөөгө алынып, 21:17де толугу менен өчүрүлдү

2 / 3

Бирок күбөлөрдүн айтымында, өрттү өчүрүү иштери бүгүн да уланып жатат

3 / 3

Жалпы беш гектар жер күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Бирок күбөлөрдүн айтымында, өрттү өчүрүү иштери бүгүн да уланып жатат
Жалпы беш гектар жер күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Бишкектеги “Кудайберген” базарында өрт чыгып, жарылуу болду. Видео