Баткендин 34 жаштагы тургуну изделүүдө. Сүрөтү

Аталган иш Баткен РИИБдин электрондук журналына катталып, милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 27-апрелинде Баткен районундагы Чек айылынын тургуну 34 жаштагы Данияр Сапаралиев үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Бул тууралуу Баткен РИИБи билдирди.
Данияр Сапаралиев
Маалыматка ылайык, ал саат 23:30дар чамасында жашаган үйүнөн өзүнө таандык Daewoo Tico үлгүсүндөгү автоунаасы менен чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
“Бул факт Баткен РИИБдин электрондук журналына катталып, милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүүдө. Бою 160-165 сантиметр, кашы-көзү кара, дене түзүлүшү орто, акыл-эси соо. Кара түстөгү спорттук кийим, бутунда кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн”, — деп жазылат билдирүүдө. 
Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү кишини таанып, жүргөн жерин аныктап калса (03622) 5-17-56; 0774 -77-86-88, 0709-73-66-37 номерлерине кайрылса болот.
ИИМ: Бишкекте өзүн милиционермин деп акча талап кылган киши кармалды. Сүрөт