Акылбек Жапаров Германияга дарыланууга учуп кетти

28-апрелде Жапаровдун жүрөгү ооруп, кан басымы төмөндөп кеткен деп Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Германияга дарыланууга учуп кетти. Кабарды министрлер кабинетинин маалымат кызматы тастыктады.
Бирок Жапаровдун кайсы шаарга жана кайсы клиникага кеткени белгисиз.
Белгилей кетсек, 28-апрелде Жапаровго жүрөгү ооруп, кан басымы төмөндөп кеткен деген диагноз коюлуп Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган.
Жапаров мындан бир нече күн мурда АКШдан кайтып келген. Ооруга узак убакытка учканы себеп болушу мүмкүн деп божомолдонду.