Кыргызстанга Афганистандан келген качкындар көбөйүүдө. Статистика

Министрлик качкындардын сүйлөшүү тили болгон фарсы, араб тилдерин билген котормочуга муктаж болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Кыргызстанга Афганистандан келген качкындардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу маалымат Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2022-2026-жылга социалдык буюртмалар мамлекеттик программасында камтылган.
2022-жылдын 1-апрелине карата 179 чет элдик жаран расмий түрдө Кыргызстанда качкын макамына ээ. Анын ичинен 75и афгандар, калганы башка өлкөлөрдөн келген.
Качкын статусун сурап кайрылгандардын саны 847ни (498и Афганистандан келгендер) түзөт. Ал эми 843 адам баш паанек издеп келген, 1500дөн ашык этникалык кыргыздар кайрылман макамын алууга арыз берген.

"Статистика көрсөткөндөй, качкындардын жана баш калкалоочу жай сурагандардын басымдуу бөлүгү афганистандыктар. Алар көбүнчө үй-бүлөсү менен келишет. Бул качкындардын сүйлөшүү тили болгон фарсы, араб же башка тилдерди билген котормочу кызмат орду министрликте жок", — деп жазылган маалыматта.

Мындан улам Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги баш паанек издеп келгендерге котормочу жана юридикалык консультациялык кызматтарды көрсөтүү талап кылынып жатканын билдирди.
Кыргызстандын жарандарынын саны 1 350 адамга көбөйдү