Эртең Венгриянын ТИМ башчысы Кыргызстанга келет

Бул сапардын алкагында саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери да каралары кабарланды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Кыргызстанга эртең, 3-майда, расмий сапар менен Венгриянын тышкы экономикалык байланыш жана тышкы иштер министри Петер Сийярто келет. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
"Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин төрагалыгы алдында кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин экинчи жыйынын өткөрүү пландалууда", — деп айтылган маалыматта.
Министрликтен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери да караларын билдирди.
Май айында Кыргызстанга ЕАЭБ өлкө башчылары келет