Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина менен сүйлөшүүнүн жүрүшү, 300 млрд. доллардын уурдалышы. Лавровдун маеги

Россиянын ТИМ башчысы Италиянын ЖМКсына берген маегинде Украинадагы кырдаалга жана геосаясатка байланыштуу бир катар билдирүү жасады.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Россия өзүнүн аракеттерин кайсы бир убакытка ылайыктабайт, Украинадагы атайын операциянын темпи жоготууларды азайтууга аракет кылуу менен байланыштуу. Бул тууралуу РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров Италиянын Mediaset телекомпаниясына берген маегинде айтып берди. Интервью элчиликтин сайтына жүктөлдү.
Лавров Россиянын Украинада бийликти алмаштыруу ниети жок экенин билдирген. Москва өлкөнүн чыгышында жашаган элдин коопсуздугун камсыз кылууга умтулуп жатат. Ошондой эле Киев Москва менен сүйлөшүүнү создуктуруп жатканын, Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин ою өзгөрүлмө экенин айткан.
Лавровдун билдиришинче, Россиядан дээрлик 300 миллиард доллардан ашык каражат уурдалды. Анын көбү газ жана мунай жеткирүүдөн түшкөн. "Газпром" батыш банктарындагы эсебинде акча сактоого аргасыз болгон. Россияны жазалоону самашты эле, уурдап коюшту", — деди элчи.
Мындан сырткары, Вашингтон Москва менен стратегиялык туруктуулук боюнча сүйлөшүүнү токтотконун айтты. Диалогдун жүрүшүндө гиперүндүү системалар талкууланмак. Эми бул жаатта Россия өзүнө гана таянмакчы. Ошондой эле Россия өзөктүк согуштун болбошуна кепилдик бере турган келишимге жетүүгө аракетин токтотпой келерин кошумчалаган.
Байден АКШга "начар 5 президенттен" да көп зыян келтирди. Трамптын нааразылыгы