БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Бишкектин эски аянтында айт намазга катышып, кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Майрамдык айт намаз миңдеген кыргызстандыктардын катышуусунда өттү.
Жапаров куттуктоосунда коронавирус пандемиясына байланыштуу айт намазы салтка айлангандай ордо калаанын аянтында окулбай келгенин, бүгүн кайра эл чогулуп жатканын белгилеген.
"Ислам дининдеги жөнөкөйлүк, сабырдуулук, ак ниеттүүлүк, чынчылдык, жоопкерчиликтүү болуу, улууну урматтап, кичүүнү ызааттоо, үй-бүлө жоопкерчилигин моюнга алуу, бир тууганчылык жана башка баалуулуктар адамдын жашоо образынын жалпыга бирдей рухий мурасы, чен-өлчөмү катары саналат. Демек, бул динди тутунгандар, анын ичинде Кыргызстандагы момун мусулмандар адептүүлүктүн, кайрымдуулуктун, мээримдүүлүктүн үлгүсү катары өздөрүн өрнөктүү алып жүрүшү керек", — деген президент.
Мамлекет башчы коомчулукта ислам маданияты менен кылым карыткан кыргыз маданиятынын ортосундагы байланыш тууралуу талкуу жүрүп келерин да айта кеткен.
"Эки маданиятты карама-каршы коюуга далалат кылган чагымчылдар жана диний сабаты төмөн түркөйлөрдүн жетегине жетеленбөө керектигин белгилеп кетейин. Себеби биздин ата-бабаларыбыздан калган макалдардын, накыл кептердин ислам баалуулуктары менен төп келерин ошол эле аалымдар, ошол эле илимпоздор айтып келет", — деген Жапаров.
Ал ислам дини ынтымактын дини экендигин, жалпы мусулман эли ынтымактуу болуп, сабыр кылып, кыйынчылык башка түшкөндө бири-бирине кол сунуп, эриш-аркак жашоого милдеттүү экенин кошумчалады.
Өлкө башчы орозо айында жакшы ниет, аруу тилектер айтылып, кайрымдуулук иштер арбын болгонун айткан. Ошондой эле бул эле айда эмес, мындан ары дагы колунда барларды муктаждарга кайрымдуу, мээримдүү болууга, араздашкандарды бири-биринен кечирим сурап элдешүүгө, жакын алака-катыш менен жылуу мамиледе болууга, тууган-урук менен мамилени чыңдоого чакырган.
Президент соңунда Орозо айтта Жараткан ар бир үйгө береке, бакыт жана жарык маанай тартууласын, өлкөгө токчулук, өнүгүү, ийгилик алып келсин, элге биримдик берсин, ал эми дүйнөгө тынчтык жана ынтымак ыроолосун деген тилегин билдирген.