Путин россиялык мусулмандарды Орозо айт менен куттуктады

Бүгүн дүйнө жүзү боюнча мусулман эли айтты майрамдап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин россиялык мусулмандарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы билдирди.

"Бул Рамазан айынын бүтүшүн айгинелеп, гумандуулукка, такыбалыкка, боорукердикке ыктаган байыркы жана ар бир мусулман үчүн ыйык майрам. Мындай руханий баалуулуктарга таянган Россиядагы мусулмандар улуттар аралык тынчтыкты жана коомдогу биримдикти чыңдоого, маданияттын көп түрдүүлүгүн сактоого, өлкөбүздүн приоритеттүү кызыкчылыктарын коргоого зор салым кошуп келет", — деп жазылат Путиндин куттуктоосунда.

Бүгүн дүйнө жүзү боюнча мусулман эли айтты майрамдап жатат.
Орозо айынан кийин да кайрымдуу бололу. Садыр Жапаровдун куттуктоосу