Мэрия: Ош шаарында айт намазга 13 миңден ашык адам келди. Сүрөт

Калаа башчысы Алмаз Мамбетов шаардыктарга ишине ийгилик, үй-бүлөдө бакубатчылык, ынтымак жана чың ден соолук каалады.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Ош шаарынын борбордук аянтында Орозо айт намазы окулуп, ага 13 миңден ашык киши келди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 5

Ош шаарынын борбордук аянтында Орозо айт намазы окулуп, ага 13 миңден ашык киши келди.

2 / 5

Ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, ЖК депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, дин өкүлдөрү, аксакалдар жана бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарынын тургундары катышкан.

3 / 5

Ош шаарынын борбордук аянтында Орозо айт намазы окулуп, ага 13 миңден ашык киши келди

4 / 5

Ош шаарынын борбордук аянтында Орозо айт намазы окулду

5 / 5

Ош шаарынын борбордук аянтында Орозо айт намазы окулду

Ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, ЖК депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, дин өкүлдөрү, аксакалдар жана бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарынын тургундары катышкан.
"Бүгүн майрамдык айт намазын окуп, Жараткандан жерибизге, туугандарыбызга, досторубузга тынчтык, өз ара түшүнүшүү жана береке тилеп жатабыз. Ар бир үй-бүлөдө бакубатчылык, ынтымак, чың ден соолук, береке жана ийгиликтер болсун! Ар бир адамдын жан дүйнөсүнө тынчтык каалайм. Кармаган орозоңуздар кабыл болсун!" — деген калаа башчысы Мамбетов.
Ал эми Бишкек милициясынын маалыматы боюнча, бүгүнкү айт намазга 35 миңдей киши келди.
Таң заарда айт намазга чогулган эл. Бишкектеги эски аянттан 14 сүрөт