Кыргыз футболу кантип түптөлгөн? Архивдик видео

Учурда курама команданын эң ири ийгилиги 2019-жылы Азия кубогуна катышкандыгы болуп саналат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Кыргыз футбол союзу ата мекендик футболдун түптөлүш тарыхын чагылдырган архивдик кадр менен бөлүштү.
Видеодо 1955-жылдан 2021-жылга чейин Бишкекте болгон жолдоштук жана расмий оюндар көрсөтүлөт. Анын ичинде Азия кубогуна жана дүйнө чемпионатына тандап алуу турнирлериндеги учурларга күбө боло аласыз.
Белгилей кетсек, учурда курама команданын эң ири ийгилиги 2019-жылы Азия кубогуна катышкандыгы болуп саналат. Анда кыргызстандык спортчулар оюндун 1/8 финалында БАЭнин командасына аз эле упай айырма менен утулуп калган.
Быйыл жайында курама команда Кытайда өтө турган Азия кубогуна жолдомо алуу үчүн оюндарды өткөрүшөт.
Азия футбол конфедерациясынын штабдык кеңсесинде 2023-жылкы Азия кубогунун тандап алуу оюндарына чүчү кулак тартылган. Анын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан курамасы F тайпасынын сап башында орун алып, Сингапур, Мьянма жана Тажикстан командалары менен оюн өткөрмөй болгон. Бул беттештер 8, 11 жана 14-июнь күндөрү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.
Футбол легендасы Майкл Оуэн Мирлан Мурзаевдин голун эң мыкты деп атады. Видео