БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Германияда аскердик бюджетти көбөйтүү жөнөкөй немецтердин жашоо деңгээлин начарлатат. Бул тууралуу Junge Welt басылмасы жазганын РИА Новости билдирди.
"Украинага оор куралдарды жеткирүү үчүн Германия өкмөтү жумушчу классты тоноого туура келет. Себеби бюджетте аскердик чыгымдарды 100 миллиард долларга көбөйтүү каралган", — деп баяндаган басылма.
Деген менен германиялыктар эки жылдан бери айлык-маяналардын реалдуу деңгээли түшүүсү жана баалардын өсүшү менен алпурушууда. Макаланын автору пандемия маалындагы колдоо чаралары жетишсиз болгонун белгилеген.
Өткөн жумада Бундестаг өкмөткө кайрылып, Украинага комплекстүү жардам көрсөтүүгө, анын ичинде курал-жарак жөнөтүүнү көбөйтүүгө чакырган. Мындай кадамдар Германияны коргонуусуна коркунуч жаратпоо үчүн жасалары айтылат.
Бирок немец коомчулугунда буга каршы чыккандар да болууда. Германия канцлери Олаф Шольцту Киевге оор курал жибербөөгө чакырган петицияга 50 миңден ашуун адам кол койгон.