Бишкек милициясынын маалыматы боюнча, бүгүнкү айт намазга 35 миңдей киши келди. Аянтта президент Садыр Жапаров да эл менен кошо майрамдык намазды окуду. Анын жанынан ЖК төрагасы Талант Мамытов менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди жана башка бийлик өкүлдөрүн көрүүгө болот.
Айт намазына Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев имамдык кылды.