Баткенде көк бөрү боюнча республикалык турнир өтүп жатат

Финалдык оюндар 9-май күнү болот.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Улуу Жеңиш күнүнө арналган жыл сайын болуучу көк бөрү боюнча республикалык турнир быйыл Баткен облусунда өтүп жатат.
Оюн талаасы Кадамжай районунун Халмион айыл аймагындагы ат майданда жайгашкан. Беттештер жогорку жана биринчи лига болуп эки топко бөлүнөт. Финалдык оюндар 9-май күнү болмокчу.
Көк бөрү боюнча республикалык мелдеш Улуу Жеңиш күнүнө карата жана Сүймөнкул Чокморов, Үсөн Кудайбергенов жана Умсунай Эркинбаеванын жаркын элесине арналган.
Майдагы каникулда Ош мэриясы концерт, оюндарды уюштурат. Программа