Чүй облусунун мурдагы башчысы Абдраимов 30-июнга чейин тергөө абагында болот

Буга чейин УКМКдан саясатчы эмнеге шектелип жаткандыгын айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Чүй облусунун мурдагы башчысы жана БШКнын экс-төрагасы Туйгунаалы Абдраимов 30-июнга чейин УКМКнын тергөө абагында болот.
Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алган.
УКМКдан Абдраимов БШКнын төрагасы болуп турган учурда кызматтык абалынан пайдаланып, Ысык-Ата районунун "Жээк" айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин 11,2 гектар таштанды таштоочу жайын "Кайнар" ишканасына бекер бөлүп берүүгө мажбурлаган деп билдирген. Андан сырткары, аталган компаниянын 95 пайыз акциясына ээлик кылат деп айткан.
Туйгунаалы Абдраимов УКМКга жооп кайтарып, кантип байыганын айтып берди