Эмгек майрамы Советтик Кыргызстанда кантип белгиленген? Тарыхый ирмемдер

Бүгүн 1-май — Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү. Бул датага утурлай Sputnik Кыргызстан агенттиги Советтик Кыргызстандын учурундагы сейрек сүрөттөрдү топтоду.
Sputnik
Аталган майрам азыр дүйнөнүн ондогон мамлекетинде белгиленип келет. Россияда жаз жана эмгек, Казакстанда эл биримдигинин күнү катары белгиленет. Ал эми Беларусь, Кытай, Пакистан жана Шри-Ланкада эмгек күнү делсе, Кыргызстанда Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү катары майрамдалат.
1 / 11

Союз учурунда 1-май майрамын бардык советтик республикалар белгилеген

2 / 11

Фрунзе шаарынын чок ортосуна чыккан эл жана комбайндар

3 / 11

СССРдин 60 жылдыгына карата Борбордук комитеттин биринчи катчысы Кыргыз ССРине Коммунисттер партиясынын туусун тапшырууда

4 / 11

Жалпы элдик майрам ыр-күү, бий жана түрдүү иш-чаралар менен коштолчу

5 / 11

Атагы жалпы СССРге тараган Социалдык эмгектин эки жолку баатыры Зууракан Кайназарова Эмгек майрамында

6 / 11

Ал күнү кесиптик кошуундар, ишканалардын эмгек жамааты, жаштар бир нече саат жөө жүрүшкө чыкчу

7 / 11

Ал кезде жарандар майрамга тилектеш болуп шаардын ар кайсы бөлүгүнөн чогулушчу

8 / 11

Борбор калаадагы майрамдык демонстрациянын катышуучулары балдары менен. 1982-жыл

9 / 11

Эмгек майрамына чыккан кыз-келиндер. Фрунзе шаары, 1944-жыл

10 / 11

Жүздөрү күлкүгө, кубанычка толгон эмгекчилер. 1977-жыл

11 / 11

Парадга чыккан киночулар. Ортодо белгилүү ата мекендик кинематографисттер — Төлөмүш Океев, Нуртай Борбиев жана Изя Герштейн

Тема боюнча:
Пишпек — Фрунзе — Бишкек. Борбор калаанын тарыхый ирмемдери
Көпүрө куруп, темир жол салган кыргыздар. Өндүрүш жанданган тарыхый ирмемдер