Бүгүндөн тарта Кыргызстанга кирүүдө ПЦР-тест, вакцина сертификаты суралбайт

Эреже Кыргызстандын аймагына транспорттун бардык түрү менен киргендер үчүн иштейт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанга кирүүдө ПЦР-тесттин терс жыйынтыгын жана вакцина сертификатын талап кылбоо боюнча эреже күчүнө кирди. Бул туурауу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Тийиштүү мамлекеттик органдардын биргелешкен чечими 30-апрелде кабыл алынган.
"1-майдан тарта өлкө аймагына кыргызстандыктар менен чет элдик жарандар ПЦР-тесттин жыйынтыгы менен COVID-19га каршы вакцина алгандыгы тууралуу сертификаты жок эле кире алышат", — деп айтылат маалыматта.
Мындай эреже Кыргызстандын аймагына транспорттун бардык түрү менен киргендер үчүн иштейт.
Белгилей кетсек, коронавирустун жайылышына жол бербөө алгоритми 2020-жылдын февраль-март айында киргизилген болчу.
16-майдан тарта кыргызстандыктар Россияга автоунаа менен кире алат